“Бишкекжылуулуктармагы” ААК короновирус илдетин жайылтып жибербөө максатында ишкананын обьекттерин, кызматтык унааларды жана тийиштүү аймактарды мезгил-мезгили менен санитардык тазалоодон өткөрүүнү улантууда.
“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2020-жылдын 11-августунда саат 9:00дө акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өтө тургандыгын маалымдайт. Дареги: Бишкек ш., Жукеев-Пудовкин көчөсү 2/1.
Бишкек шаарынын мэриясынын 26.05.2020-ж. “Профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБнин жабдууларын, от казандарды жана жылуулук тармактарды токтотуу жөнүндө” №85-р буйругуна ылайык, 2020-2021-ж. күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында “Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2020-жылдын 1-июнунан 1-июлуна чейин ысык суу берүүнү токтоткон.
“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 24-июндан 27-июнга чейин Бишкек шаарынын жылуулук тармактарынын тыгыздыгын текшерүү үчүн регламенттик сыноолорду жүргүзөт.
Балалык - бул адамдын өмүрүндөгү эң бир ыйык, эстен кеткис көз ирмем. Көздөрүнөн тазалык жана ак ниеттик тамган балдардын күнүндө ар бир наристеге, ар бир жеткинчекке, өспүрүмдөргө таттуу балалык, ачык асман, жаркын келечек каалайбыз. Жашооңордун ар бир мөөнөтү жомоктогудай кереметтүү жана шаттуу болсун!