«Бишкекжылуулуктармагы» ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 10-август

Бүгүн, 2020-жылдын 11- августунда “Бишкекжылуулуктармагы” ААК акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрдү. Чогулуштун жыйынтыгында төмөнкү суроолор боюнча чечимдер кабыл алынды:

1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө;

2.  2019-жыл үчүн Коомдун финансылык-чарбачылык ишмердиги тууралуу Генералдык дирекциянын отчету жөнүндө;

3. 2019-жыл үчүн Коомдун көз карандысыз аудиторунун корутундусу жөнүндө;

4. 2019-жыл үчүн Коомдун текшерүү комиссиясынын корутундусу жөнүндө;

5. 2019-жыл үчүн Коомдун бюджетинин аткарылышы тууралуу Генералдык дирекциянын отчету жөнүндө;

6. 2019-жыл үчүн Коомдун жылдык балансы, киреше жана чыгаша эсептери жөнүндө;

7. 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча Коомдун кирешесин бөлүштүрүү тартиби жөнүндө;

8. 2019-жыл үчүн Директорлор кеңешинин отчету жөнүндө;

9. 2020-жылга карата Коомдун жылдык бюджети жөнүндө;

10. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө;

11. Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө

Акционерлердин жылдык жалпы чогулушу азыркы учурдагы абалды эске алуу менен, санитардык аралыкты жана бет кап кийүү режимин сактоо менен өткөрүлдү.

Материал менен бөлүшүү