Компания тарыхы
Материал менен бөлүшүү

“Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коому 2013-жылдын октябрь айында 50 жылдыгын белгилеген. 

Теплосети60-жылдардын башталышы менен Фрунзе шаарында өнөр жай сектору, курулуш индустриясы жана көп кабаттуу турак үйлөрдү куруунун дүркүрөп өсүшүнө байланыштуу шаарды жылуулук энергиясы (буу, ысык суу) менен камсыздоо суроосун чечүүнүн зарылчылыгы келип чыккан. Алгачкы кезекте Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) өнүктүрүү жана шаарга борборлоштурулган жылуулук менен жабдуу системан орнотуу менен бирге жылуулук тармактарды куруу деген артыкчылыктар аныкталган.

Ишкананын түзүлүшү жана өнүгүүсүнүн тарыхы 1961-жылы Фрунзе ш. ЖЭБнин ишке кириши менен тыгыз байланыштуу.

1962-жылы ЖЭБ алдында жылуулук тармактарынын цехи ачылган, анын тейлөөсүндө 3,2 миң Гкал/саат жылуулук жүктөмү кошулган 0,4км жылуулук тармактары болгон. Станция аркылуу жылуулукту кое берүү 1962-жылдан башталып, ушул жылдын ичинде ысытылган буу түрүндө 12,3 миң Гкал жылуулук камволдук-сукно комбинатынын керектөөлөрүнө коё берилген.

Жылуулук жүктөмдүн өсүшү менен ЖЭБди кеңейтүү маселеси көтөрүлгөн жана аны менен кошо жаңы жылуулук магистралдарды куруу маселеси дагы. Жылуулук тармактарды иштетүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз ССРнин Кыргызбашкыэнергонун 1963-жылдын 18-октябрындагы № 361 буйругу менен жылуулук тармактардын цехи “Фрунзе райондун жылуулук тармактары” болуп кайра түзүлгөн.


ТеплосетиФрунзе ш. ЖЭБден чыккан биринчи жылуулук магистралы Ташкент ш. Орто Азиялык институтунун бөлүмү “Жылуулук электр долбоору” аркылуу иштелип чыккан долбоор боюнча курулган.
1962-1964-жылдары Батыш өндүрүштүк аймакты жылуулук менен камсыздоо үчүн ЖЭбден Фучик көчөсүнө чейин 9,5 узундуктагы, диаметри 500 мм ПП-1,2 буу өткөргүч түтүктөрү жана Ленин проспекти боюнча ЖЭБден Правда-Киев көчөсүнө чейин шаардын борбордук жагын жылууулук менен камсыздоо үчүн узундугу 4,3 км, 500мм суу түтүктөрү, ошондой эле №№1,2,3 насостук станциялар курулган.

Шаар куруунун башкы планын иштеп чыгууда жылуулук менен камсыздоону өнүктүрүү боюнча талкуулар жаралган, 1965-1970-жж. мезгилине карата жылуулулук менен камсыздоону өнүктүрүүнүн башкы схемасы 1964-жылы иштелип чыккан. Бул программаны ишке ашыруу Чыгыш өндүрүштүк аймакты, шаардын түштүк чыгыш жагын жылуулук энергиясы менен камсыз кылууга жол түзүп, пайдалуу эмес, майда от казандарды жабуу процесси башталган. Бишкек шаарында жылуулук берүүнү өнүктүрүү учурунда 400гө жакын катуу отун менен иштетилген чакан от казандары жабылган.

Ушул мезгилдерде Алма-Ата көчөсү, Матросов, Ярослав көчөлөрү боюнча жылуулук магистралдар курулган.
Ишкана алгачкы жылдары магистралдык жылуулук тармактарды гана иштетип келген, андан кийин
Кыргыз ССРнин Министлер Кеңешинин 1965-ж. 2-августундагы №369 токтомуна ылайык баланска үй ичиндеги жылуулук тармактары кабыл алынган. Ушул учурда ФРЖКнын балансына 70км жылуулук тармактар кабыл алынган. 1968-ж. райондун иштетүүсүндө 140км жылуулук тармактар, анын ичинен 25км буу түтүктөрү, 40 км магистралдык жылуулук тармактар, 75км үй ичиндеги тармактар болгон. Жылуулук жүктөм 400 Гкал/саатка жеткен жана бир жылдык жылуулук берүү 1,8 млн. Гкал түзгөн. Эксплуатациялоонун көлөмүнүн өсүшүнө байланыштуу 1968-ж. 27-сентябрында район “Жылуулук тармактардын Фрунзе ишканасы” аталышына которулган. Ишкананын курамында эки тейлөө район-Борбордук жана Түштүк району, Оңдоо кызматы, Жөнгө келтирүү жана текшерүү кызматтар болгон. Персоналдын саны 1963-ж. 21адамга, 1968-ж 163 адамга көбөйгөн. Кошулган жылуулук жүктөм да 3,3 Гкал/сааттан 548 Гкал/саатка чейин жогорулаган, 1968-ж. 1667 миң Гкал түзгөн.

Теплосети1970-жылдан 1980-жылга чейинки мезгилдеги өнүгүүсү «Промэнергопроект» долбоордук институтунун Киев бөлүмүндө иштелип чыккан “1980-жылга карата Фрунзе ш. Жылуулук менен камсыздоонун схемасына” ылайык аткарылган.

«Батыш-II», «Батыш-III», «Аламедин» кичирайонуна, Октябрь 40-ж. көчөсү (Исанов), Алма-Атинка көчөсү боюнча жылуулук магистралдар курулуган, «Ботсад-2» турак-жай районундагы үй ичиндеги тармактар реконструкциялоодон өткөн. № 4,5,6,7,8 насостук стнациялары курулган.

Ишкананын энергия чарбачылыгынын кубаттуулугунун өсүшүнө жараша 1982-жылы шаардын борбордук жана батыш тарабын тейлөө үчүн үчүнчү - Батыш эксплуатациялык району түзүлгөн.
Ишкананын балансына Комсомол айылындагы электр от-казаны өткөрүлгөндөн жана Чолпон-Ата шаарындагы үч электр от-казанын техникалык тейлөө боюнча келишим милдеттеринен кийин 1982-жылы ишканада төртүнчү - Чолпон-Ата эксплуатциялык району түзүлгөн.

Алма-Ата шаарындагы «ВНИПИэнергопром» институтунун Орто Азиялык бөлүмүндө иштелип чыккан “Фрунзе ш. 1995-жылга чейинки Жылуулук менен жабдуунун схемасы” боюнча жылуулук магистралдарынын курулушунун эсебинен жылуулук тармактар өнүгүп келген. Панфилов, Кремлевский (Абай), Правда (Ибраимов) көчөлөрү боюнча жылуулук магистралдар курулган, ошондой эле “Асанбай” жана №12 кичирайондоруна дагы магистралдар курулган. №№ 77, 66, 113, 117, 108 кварталдардарынын бөлүштүрүүчү тармактары реконструкцияланган.

Жалпысынан куруу иштери «Кыргызэнергострой» жана СМУ-10 треста «Фрунзестрой» тарабынан жылдык орточо эсеп менен 1,5-2 млн. рубль суммасына курулуш-монтаждоо иштери аткарылган жана эксплуатциялоого 2-2,5 км магистралдык өткөргүч түтүктөрү киргизилген.

ТеплосетиКийинки жылдардагы жылуулук менен жабдууну өнүктүрүү «ВНИПИэнергопром» институтунун Орто Азиялык бөлүмүндө иштелип чыккан “Фрунзе ш. 2000-жылга чейинки Жылуулук менен жабдуунун схемасына” жана СССРдин Энергетика министрилигинин 1985-ж. 5- мартындагы бекитилген буйругуна ылайык жүргүзүлгөн. Ушул схемага ылайык шаардын түштүк-батыш тарабында ЖЭБ-2 от-казанын куруу башталган жана ЖЭБ-2ден тараган 15 км жылуулук магистралдары жана эки № 6.1, №7.2. насостук станциялары курулган. 1991-жылы ЖЭБ-2ден чыккан жылуулук магистралдарды тейлөө үчүн шаардын түштүк-батыш тарабында Түштүк- Батыш району түзүлгөн.

СССР жоюлгандан кийин, ЖЭБ-2 от-казанын курууну каржылоо токтоп калган. ЖЭБ-2ден чыккан магистралдык тармактар колдонулбай келет жана азыркы убакта токтотуу режиминде.

1987-жылдан 1991-жылга чейин №9, 12 насостук станциялар жана №7, 12 насостук станцияларында аккумулятордук челектер курулуп, Коммунист (Медеров) көчөсү боюнча жылуулук магистралдары, Достоевский көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки ЖЭБ-1ден чыккан магистралдык түйүндөр, ошондой эле №289, 98, 128, 60, 177 кварталдардын жана №9, 4, 5 кичирайондорунун жылуулук тармактары да реконструкцияланган.
2000-жылы Комсомол айылындагы жана Чолпон-Ата шаарындагы электр от-казандарынын өз алдынча техникалык тейлөөсүнө өткөндүгүнө байланыштуу Чолпон-Ата району жоюлган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.02.2000-ж. № 35-р буйругун, «Кыргызэнерго» АКнын 09.11.2000-ж. № 348 буйругун аткаруу максатында Бишкек жылуулук тармактары ишканасы боюнча 08.12.2000-ж. тийиштүү бөлүмдөрдү жана кызматтарды ысык суу жана жылытуу түрүндө жылуулук энергиясы менен жабдуу жана акча каражаттарын чогултуу боюнча калкка кызмат көрсөтүүгө келишимдерди түзүү боюнча иш-чараларды аткарууну милдеттендирүүчү № 149 буйрук иштелип чыккан. Жыйынтыгында, абоненттердин пайдаланылган жылуулук энергиясын эсепке алуу үчүн автоматташтырылган эсептөө программасы даярдалып жана 159 кызматкер курамындагы Сатуу борбору ачылган.

«Кыргызэнерго» АК кайра түзүлгөндөн кийин 12.06.2001-ж. ишкана “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коому болуп жаралган.

Теплосети2002-жылдын 1-февралынан баштап “Бишкекжылуулуктармагы” ААК ысык суу менен камсыздоонун жана жылытуунун үй ичиндеги системаларын техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин баштаган.
Эксплуатациялык райондордун базасында ИТК түзүмдөрү жана турак-жайлардын ысык суу жана жылытуу системаларын оңдоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча бригадалар түзүлгөн. Ар бир райондо техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин аткарууга атайын аспаптар жана материалдар менен камсыз кылынган бригадалар уюштурулган.
Жылуулук энергиясына болгон тарифтин өсүшүнөн рынок экономикасына өтүүдө көпчүлүк керектөөчүлөр жылуулук менен камсыздоо системасынан баш тартышкан. Бирок, жылуулук берүүнүн жана капиталдык курулуш боюнча иштердин азайышына карабастан, ишкана керектөөчүлөргө буу, ысык суу жана жылуулук менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылып келген.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон директорлор Левитанус Николай Борисович, Блинов Павел Семенович, Глотов Аркадий Васильевич, Батаканов Мирбек Топчуевич, Ли Алексей Чунхенович; башкы инженерлер Толмасов Александр Сергеевич, Васильев Лев Алексеевич, Тарасов Валерий Васильевич, Ли Алексей Чунхенович, Елебесов Султан Абдынасырович, Батаканов Мирбек Топчуевич, Лисичкин Александр Юрьевич, ишкананын ветерандары Джумалиев Болот Намазалиевич, Получаева Алевтина Викторовна, Жердева Наталья Григорьевна, Чынгышева Людмила Викторовна, Курганов Михаил Владимирович, Усольцев Александр Викторович, Нажмутдинов Анвар Нуриевич, Проненко Виктор Павлович, Осадчая Ольга Саякбаевна, Горбачев Валерий Михайлович, Безбородова Раиса Николаевна, Ампилогова Людмила Васильевна, Сизов Александр Николаевич, Голишников Владимир Алексеевич, Григоренко Валентина Степановна, Крахмалева Антонина Викторовна, Статьин Виктор Иванович, Надбагин Рафаил Валиулович, Иванов Виктор Николаевич, Чурикова Татьяна Алексеевна, Тельтевская Тамара Александровна, Максакова Галина Сергеевна, Соколова Ольга Викторовна, Высоцкая Татьяна Григорьевна, Мартя Надежда Владимировна, Касымбаев Заиджан Закирджанович, Грибкова Светлана Юрьевна, Станис Владимир Викторович, Минбаев Калыбек Аджиевич, Касенова Чинара Джапаровна, Свириденко Валентина Васильевна жана башкалар.
Ишканада татыктуу орун басуучуларды даярдоого да көңүл булуруп келет, тажрыйбалуу кадрлардын бири - Рыбалкин Павел Владимирович, Бакиров Талантбек Керимкулович, Айтмурзаев Нурлан Шаршенович, Цой Людмила Владимировна, Карапашов Мейман Кушубакович, Керимкулов Туйгунбек Кубатбекович, Турдубаева Динара Апышевна, Шонникова Татьяна Вячеславовна, Ишекеев Сапар Шаршенбекович, Иванов Николай Викторович, Эсенаман уулу Бакай жана башкалар.

Теплосети

Биздин компанияда ветеран болбосо да, ишкананын өнүгүп өсүүсүнө зор салым кошкон жана азыркы күнгө чейин кошуп келе жаткан кызматкерлер Айдарбекова Асия Джумакеевна, Шин Владимир Геннадьевич, Путилов Владимир Алексеевич, Еремин Юрий Петрович, Сарыков Калыбек Койчубекович, Шабанов Вячеслав Ефимович.

Бүгүнкү күндө “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коомунун эмгек жамаатында 961 дасыккан адистер кызмат кылып келишет. Ишкана 454,1 км жылуулук тармактарын жана 19 насостук станцияны тейлеп келет. Азыркы учурда “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коому тарабынан тейленүүчү турак үйлөрдүн саны - 1871.

Материал менен бөлүшүү