“Бишкекжылуулуктармагы” ААК Нооруз жаз майрамы менен куттуктайт!
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 22-март

Урматтуу абоненттер!

Бишкек шаарынын мэриясынын 18.03.2019-ж. №58-р буйругуна ылайык “Бишкекжылуулуктармагы” ААК 19-март күнү жылуулук берүү мезгилин ийгиликтүү аяктады. Бул чечим март айындагы жылуу аба-ырайына жана  сырткы абанын температурасына ылайык кабыл алынган.

19 жана 20-март күндөрү “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын кызматкерлери аркылуу ишкананын техникалык тейлөөсүндө катталган 1961 турак үйдө жылуулук берүү токтотулду. Ошондой эле,  Бишкек шаарынын социалдык объекттери:  69 медициналык жай, 74 бала-бакча жана 55 мектеп жылытуу системасынан ажыратылды:

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК баарыңыздарды Нооруз жаз майрамы менен жана 2018-2019-ж. жылуулук берүү мезглинин аягына чыгышы менен куттуктайт.

Сиздерге  чың ден соолук, бакубат жашоо жана жаркын келечек каалайбыз.

Материал менен бөлүшүү