«Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу алкагында «Бишкекжылуулуктармагы” ААК абоненттердин жылытуу системасына канааттандырарлык деңгээлине изилдөө жүргүзүүдө.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 22-октябрь

Урматтуу  абоненттер!

“Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу алкагында “Бишкекжылуулуктармагы” ААК абоненттердин жылытууу системасына болгон канааттандырарлык деңгээлине изилдөө жүргүзүп жатат. Учурдагы изилдөө «ACConsulting», ЖЧК компаниясынын катышуусу менен жүргүзүлүүдө.  Изилдөөнүн жүрүшүндө  компаниянын адистери айрым абоненттерге тандалма жол менен сурамжылоо жүргүзүшүп, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын кызматтарына (ысык суу жана жылуулук менен камсыздоо)  болгон канааттандырарлык  деңгээлин аныктоодо.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Сиздерден сурамжылоого катышып коюңуздарды өтүнөбүз. 

Коомдук объекттердин жетекчилерине, Турак жай шериктештиктердин төрагаларына, үй башкаруучуларына топтук талкуулоого катышууга чакыруу жөнөтүлөт.  

Эгерде кошумча суроолор пайда болгон учурда, төмөнкү телефон номурларына чалып, кайрылсаңыздар болот:

 «ACConsulting»  ЖЧК  (996 700) 543914.

 «БЖТ» ААКК  61-11-69 и 1980  калкты тейлөө борбору

Материал менен бөлүшүү