Абоненттерди борбордук жылытуу системасына кошуунун жүрүшү жөнүндө
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 11-октябрь

Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 8-октябрындагы №144-р буйругуна ылайык Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-октябрынан тартып жылуулук берүү мезгили башталды. 

 12-октябрда саат 13:00гө карата борбордук жылытуу системасына 1890 турак үй, 36 медициналык жай кошулду.  

Эпидемиологиялык абалга жана карантинге байланыштуу бала бакчалар жана мектептер иштешкен жок, ушул себептен бул жайларга жылуулук берилген жок.   

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК тарабынан 2020-жылдын 9 ай ичинде 2381,6 м (103,41%)  эскирген жылуулук тармактарга оңдоо иштери, 1112,42 м(101,13%) обочолоо иштери жүргүзүлүп, 350 даана (102,94 %) бекитип жөнгө салуучу арматуралар алмаштырылды.  

Анын ичинде, үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде турак үйлөрдө 32663,05 п. м. ысык суу жана жылытуу түтүктөрү, 10 484 даана бекитип жөнгө салуучу арматуралар алмаштырылды.

Жылытуу системасынын жакшы иштеши үчүн үйлөрдүн же имараттардын жогорку кабатындагы жылытуу аспаптарда жайгашкан Маев краны аркылуу жылытуу системасынан абаны чыгарып турууну  эске салабыз.

Жылуулукка тийиштүү бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон номурларына чалып, кайрылсаңыздар болот:

- (0312) 61-11-69 же 1980 кыска номуру – “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын колл-борбору;

- (0312) 56-85-58 – диспетчердик кызмат;

- 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун кезметчи инженерлери;

- 51-06-22, 21-74-06 – Түштүк райондун кезметчи инженерлери. 

Материал менен бөлүшүү