27-июлдан 30-августка чейин Токтогул көчөсү боюнча Орозбеков көчөсү менен Панфилов көчөлөрүнүн ортосунда жол кыймылы токтотулат.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 23-июль

Урматтуу шаар тургундары,

Жылуулук камераларында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөтүү иштерине байланыштуу 2020-жылдын 27-июлунан 30-августуна чейин Токтогул көчөсү боюнча Орозбеков жана Панфилов көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө эки тилке боюнча жол кыймылы токтотула тургандыгын “Бишкежылуулуктармагы” ААК маалымдайт.

Оңдоо иштери жылуулук тармактарды алдыдагы жылуулук берүү мезгилине даярдоо алкагында өткөрүлүп жатат.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жол тыгынына кабылбас үчүн, айдоочуларга оңдоо иштери боло турчу көчөлөрдү эске алууну суранат.

Материал менен бөлүшүү