“Бишкекжылуулуктармагы” ААК ишкананын обьекттерин мезгил-мезгили менен санитардык тазалоодон өткөрүүдө.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 21-июль

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК короновирус илдетин жайылтып жибербөө максатында ишкананын обьекттерин, кызматтык унааларды жана тийиштүү аймактарды мезгил-мезгили менен санитардык тазалоодон өткөрүүнү улантууда. 

Ишкананын бардык түзүмдөрүндө  кызматкерлер үчүн кирүү  фильтри уюштурулуп, алыстан дене табы текшерилип, антисептик менен тазалоо жүргүзүлүүдө. Ушуну менен катар, эмгек жамаатында бардык санитардык нормаларды сактоо тууралуу түшүндүрүү иштери өткөрүлүп турат жана ошондой эле ишкананын кызматкерлери жеке коргонуу жана антисептик каражаттары менен толук камсыздалган.

Белгилей кетсек, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын бардык кызматтары КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарын сактоо менен штаттык режимде иштеп келет.

Материал менен бөлүшүү