Урматтуу кыргызстандыктар!
Орозо тутуу – бул тазаланууга, кең пейилдикке, кечиримдүүлүккө жана боорукерликке умтулууну билдирет. Жараткан жерибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин! Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин!
Сиздерге жаркын маанай, жаңы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалайбыз.
Аткарган адал эмгегиңиздердин үзүрүн көрүңүздөр!
2019-жылдын 1-апрелинен баштап «Бишкекжыуулуктармагы» ААКнын тейлөө борбору үзгүлтүксүз иштеп баштады.
Салтты уланта, ушул жылдын 23 мартында «Бишкекжылуулуктармагы» ААКнын кызматкерлери Линейная көчөсү менен Шабдан Баатыр көчөсүнөн Достоевский кесилишинде ишембилик өткөрүштү.
Урматтуу абоненттер!
Бишкек шаарынын мэриясынын 18.03.2019-ж. №58-р буйругуна ылайык “Бишкекжылуулуктармагы” ААК 19-март күнү жылуулук берүү мезгилин ийгиликтүү аяктады. Бул чечим март айындагы жылуу аба-ырайына жана сырткы абанын температурасына ылайык кабыл алынган.
«Бишкекжылуулуктармагы» ААК 2019-жылы капиталдык курулуш планына ылайык Кулатов көчөсү боюнча Эгембердиев көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейинки магистралдык жылуулук тармакты реконструкциялоо долбоорун өзүнүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырууну мерчемдөөдө.
“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2019-жылдын 4-февралынан тартып “Мобильник” ЖЧКсынан төлөмдөрдү кабыл алуу кызматын өчүрөт.
Сиздерди кирип келе жаткан 2019-Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз. Жаңы жылды карызы жок тосуп алуу үчүн "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жылуулук энергиясы жана ысык суу үчүн төлөмдү өз убагында жүргүзүүнү суранат.
«Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коому 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чараны адаттагыдан өзгөчө кылып, 2018-жылдын сентябрь айында болуп өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күч биримдигин, рух биримдигин улантуу максатында бул жылы тил майрамы Кара-Булак этно комплексинде өттү.