Энергияны үнөмдөө жана экология боюнча эл аралык фестиваль Ысык-Көл жээгинде жүздөгөн балдарды чогултту.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 27-август

Фестиваль 14-24-август күндөру “Жетиген” балдар лагеринде өткөн #Биргежарыгыраак тематикалык иш-чарасын жыйынтыктады.

9 жаштан 16 жашка чейинки курактагы 200дөн ашуун бала 10 күн бою климаттын өзгөрүшү, энергияны үнөмдөө, экологиялык жана энергетикалык коопсуздук боюнча билим алышты. Иш-чара өсүп келе жаткан муунга энергияны сарамжалдуу пайдаланууну жайылтууга, экологиялык маданиятты калыптандырууга жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды ишке ашырууга шыктандырууга багытталган.Балдар тематикалык өнөрканаларга, ойноочу жайларга барып, эстафетага, квест, сынактарга катышып, климаттын өзгөрүшү жана энергияны сарамжалдуу пайдалануу жаатында маалымат алышты.

Атайын дайындалган фотозонада балдар энергетиктердин атайын кийимин кийип көрүп, жаңы образда сүрөткө түшүштү. Энергетиктин кесибине кызыккандар үчүн Бостери айылындагы көмөк чордонуна (подстанция) экскурсия өткөрүлдү. Ал жакка барардын алдында инженерлер техникалык коопсуздук боюнча инструктаж өткөрүп, ал жакта өзүн кантип алып жүрүүнү түшүндүрүштү. Экскурсиянын кенже катышуучулары электржабдууларын чоң кызыгуу менен карашып, өлкөнүн энергосистемасында мындай көмөк чордондордун (подстанциялардын) мааниси, аларды эксплуатация кылуунун эрежелери кандай экендиги тууралуу маалымат алышып, электроэнергетика тармагында эмгектенген адистердин жоопкерчилиги жогору экенин белгилешти.

Көпчүлүк балдар үйүндөгү жарык кантип жана кайдан пайда болору тууралуу ойлонушпайт. Мындай иш-чаралардан кийин цивилизациянын баалулуктарына башкача карап, кандай жана кимдердин талыкпаган эмгегинин натыйжасында жарык жана жылуулук пайда болоорун түшүнө баштайт”,- деп белгиледи “Кыргызстандын Улуттук электр тармактары” ААКнын Ысык-Көл филиалынын көмөк чордондор кызматынын жетекчиси Болот Шадыканов. – “Дагы бир белгилей кете турган нерсе – балдар электротравматизм боюнча жакшы сабак алып алып, электркоопсуздугунун эрежелери боюнча маалымат алып, көмөк чордону өңдүү электр жабдуулары орнотулган аймактын жанында ойноого болбостугун билишти. Эми алар сак болуп, электрэнергиясына аяр мамиле кылып, үнөмчүл болуп жана ага ата-энесин үйрөтөт деп ишенебиз”.

Энергетикалык сменанын (иш-чаранын) бардык катышуучулары күн сайын ар кандай сынактарга катышып, “Энерго-джетт” түрүндө упайларды топтошту. Көпчүлүк балдар турнирдик таблицада жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, сыйлык үчүн белектерди алышты. Алардын арасынан беш мыктысы үстүбүздөгү жылдын 20-октябрдан 2-ноябрга чейин бүткүлорусиялык “Смена” балдар борборунда (Орусия) өтө турган “жаш энергетиктер мектебине” жолдомо алышты.

“Бул пилоттук энергетикалык сменаны (иш-чараны) уюштурууга салым кошкон бардык шериктештерге ыраазычылык билдирем! Мындай билим берүүчү иш-чаралар балдардын арасында аябай суроо-талапка ээ экенин тастыктады жана алардын курчап турган айлана-чөйрөнү таанып билүүгө жана планетаны сактап калуу үчүн салым кошууга каалоолору кандай жогору экенин долбоор көрсөттү.

Биз жакшы тажрыйба топтодук жана бул долбоор жашай берерине, жаш муундарды тарбиялоого жана өнүктүрүүгө салым кошуп, Ысык-Көлдү Борбор-Азиянын мектептеринин окуучулары гана эмес ЕАЭБ жана алыскы чет өлкөлөрдөн келе турган аймакка кошууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз. Ошондой эле катышуучу балдардын ата-энелерине бизге ишеним көрсөтүп, каржылык колдоо көрсөткөнү үчүн ыраачылыгымды билдирмекчимин”,-деди БУУӨП-РТФ долбоорунун консультанты Кумар Кылычев.

Кылычев белгилегендей БУУнун Өнүктүрүү Программасы шериктештер менен бирге тематикалык иш-чараларды уюштурууну кеңейтүүнүн үсүндө иштеп жатат. Келеркижылыуникалдыкаянтчалар башка балдарлагерлеринде да иштепбаштайт. Мектепокуучуларызамангажарашакесиптердин ар кандайбагыттарыбоюнчаокутуп, прикладдыкжаналабораториялыкпроцесстергекатышууга, заманбаптехнологиялардыжанааспаптардыколдонуугамүмкүнчүлүктүзүлөт.

“Жетиген” лагериндеги эл аралык фестиваль жана тематикалык иш-чара Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын менен “Надежная смена” (Орусия) кайрымдуулук фондунун кызматташуусунда, “БИОМ” экологиялык кыймылынын жана өлкөнүн энергокомпанияларын биргелешкен аракети менен ишке ашты.

Фестивалдынсоциалдыктармактардагыхэштеги: #ВместеЯрче #ВместеЯрчеКыргызстан. #Биргежарыгыраак #БиргеКыргызстанжЖарыгыраак

Кошумчамаалыматүчүн телефон: +996 777 95 70 95

Маалыматүчүн:

Энергияныүнөмдөөбоюнча эл аралык фестиваль Орусияфедерациясында 2016-жылдан бери өткөрүлүпкелет. 2018-жылы фестиваль эл аралыкдеңгээлгечыгып, Казакстандаөткөрүлгөн. 2019-жылы эстафетаны Армения менен Кыргызстан алды.

Кыргызстанда фестивалдын алкагында жыл бою тематикалык сабактар, баш катырмалар, мектеп окуучулары арасында сүрөт жана дилбаяндардын сынагы өткөрүлүп, энергетиктердин студенттер менен жолугушуулары, энергокомпанияларда ачык эшик күндөрү, калкты энергеоресурстарга аяр мамиле кылууга, турмуш тиричиликте жана өндүрүштө энергоэффективдүү технологияларды колдонууга көңүл бурууга чакырган акциялар жана эл аралык деңгээлдеги конференциялар уюштурулду.

Материал менен бөлүшүү