2019 - жылдын 16-июлунан 31-августуна чейин Лев Толстой көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө төмөн түшүүчү жол бөлүгү автоунаалар үчүн жабылат.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 15-июль

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК “Восток” магистралдык жылуулук тармактын курулушуна байланыштуу 2019-жылдын 16-июлунан 31-августуна чейин Лев Толстой көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө төмөн түшүүчү жол бөлүгүндө жол кыймылы убактылуу токтотуларын билдирет.

Оңдоо иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын ордеринин негизинде жүргүзүлүп жатат.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК убактылуу ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт.

Материал менен бөлүшүү