Улуттукэнергохолдинг башкармалыгын төрагасы Айтмамат Назаров «Восток» магистралдык жылуулук тармагынын курулушу менен таанышып чыкты
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 27-июнь

Бүгүн, 28-июнда “Бишкекжылуулуктармагы” ААКы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Восток»жылуулук тармагынын курулуш иштери жүрүп жаткан жерге Улуттукэнергохолдинг башкармалыгын төрагасы Айтмамат Назаровкелди.

Кезигүү учурунда, төрагареконстуркциялоонун масштабы жана  магистралдык жылуулук тармактын экономикалык-техникалык абалы менен таанышты.

Азыркы убакта, объектте траншея казуу иштери аткарылып, бетон каналдарыорнотулуп жатат. Бул магистралдык жылуулук тармагынын узундугу 1 километрди түзөт, түтүктөрдүн диаметри 920 мм.

“Турак-жайлардын санынын өсүшү жана жаңы ишканалардын ачылышы  менен жылуулук  керектөөчүлөрүнүн саны көбөйүүдө, мында жаңы керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен толук кандуу камсыз кылуу талап кылынат. Демек, талаптарды аткаруу үчүн жылуулук тармактарды кеңейтүү, жаңыртуу жана инфраструктураны өнүктүрүү керек. Бул мезгилдин талабы” –деп баса белгиледи Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасыА.Назаров.

Магистралдык жылуулук тармакты реконструкциялоонун бирден бир максаты  шаардын түштүк бөлүгүн ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу. Тактап айтсак, түштүк райондогу450 көп батирлүү үйлөр же 70 000 батирлер жана 29 социалдык объекттергеысык суу жана жылуулук жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт.

“«Восток» магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо түтүктөрдүн жылуулук өткөрүмдүүлүгүн жогорулатып, Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдүнборбордук жылуулук менен камсыздоо системасына кошулуусуна өбөлгө түзөт, абоненттердин саны көбөйөт” -деп маалымдады“Бикекжылулуктармагы” ААКнын генералдык директору Э. Абдыкалыков.

Долбоор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунунфинансылык колдоо көрсөтүүсү менен Улуттук энергохолдингдин туунду компаниясы “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коому тарабынан ишке ашырылууда.

Материал менен бөлүшүү