Лев Толстой көчөсүндөгү “Восток” магистралдык жылуулук тармагында курулуш иштери жүрүп жатат.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 11-июль

“Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коомунун генералдык директору Э. Абдыкалыков Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Э. Асрандиевди “Восток” жылуулук тармагынын курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштырып чыкты. 

Азыркы учурда, реконструкциялоо участогунда  930 метр трашея казылып, ошондой эле бетон каналдарын орнотуу  иштери аткарылды. Учурда 1800 бетон каналы орнотулган. Магистралдык тармактын узундугу бир километрди түзөт, үч өткөргүч түтүктүн диаметри 920 мм.

“Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коомунун генералдык директору Э. Абдыкалыков бул магистралдык тармактын курулушу Бишкек шаары үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

“Магистралдык жылуулук тармакты реконструкциялоонун бирден бир максаты  шаардын түштүк бөлүгүн ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу. Тактап айтсак, түштүк райондогу450 көп батирлүү үйлөр же 70 000 батирлер жана 29 социалдык объекттергеысык суу жана жылуулук жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт”- деп маалымдады.

Баса белгилей кетсек, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердигинде Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо системасын  жакшыртуу үчүн энергетика секторуна биринчи жолу насыя каражаттары бөлүнүп жатат. 

Материал менен бөлүшүү