“Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коому 27-июндан 8-июлга чейин Рыскулов көчөсү боюнча Коенкозов менен Исанов көчөлөрүнүн ортосундаоңдоо иштерин жүргүзөт. Жол кыймылы токтотулбайт.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 26-июнь

2019-2020-жж. күз-кыш мегилине даярдануу программасынын алкагында жүргүзүлгөн гидравликалык сыноодо Рыскулов көчөсү боюнча Коенкозев менен Исанов көчөлөрүнүн ортосунда магистралдык жылуулук тармагында бузулуулар  аныкталган.

Ушуга байланыштуу, 27-июндан 8-июлга чейинРыскулов көчөсүнүн  Коенкозев менен Исанов көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бишкек шаарынын мэриясынын ККБ ордерине ылайык Рыскулов көчөсүндөгү оңдоо иштери жол кыймылын токтотпостон аткарылат.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Материал менен бөлүшүү