Урматтуу абоненттер!
Материал менен бөлүшүү

КР Өкмөтүнүн 12.01.2012-ж. №26 токтому менен бекитилген “Жылуулук энергиясын жана жылуулук алып жүрүүчүнү эсепке алуу эрежелерине” жана  КР Өкмөтүнүн 14.03.2012-ж. №172 токтому менен бекитилген “Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерине” ылайык пайдаланылган жылуулук энергиясын эсептөө үчүн керектөөчүлөр менен жылуулук камсыздоочу уюм ортосунда  Кыргыз Республикасынын «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамы менен бекитилген тартипте мамлекеттик текшерүүдөн өткөн, Өлчөө каражаттардын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестринде катталган  жана Кыргыз Республикасында колдонууга жол берилген жылуулук энергиясын эсепке алуу каражаттары колдонулушу керек.

КР Өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестринде катталбаган эсепке алуу приборлору коммерциялык болуп эсептелбейт.

КР Экономика министрлигине караштуу Стандартизация жана метрология боюнча борбору коммерциялык негиздеги ар кандай өлчөө каражаттарын текшерүүдөн өткөрөт, бирок бардыгы коммерциялык катары колдонулбайт.

Өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестри КР Экономика министрлигине караштуу Стандартизация жана метрология боюнча борборунун расмий сайтында жайгаштырылган,  http://www.nism.gov.kg/upravlenie-metrologii.html  шилтеме боюнча сайтка өтсөңүз болот, реестр баракчанын төмөнкү жагында жайгашкан, бул жактан Кыргыз Республикасында кандай өлчөө каржаттары коммерциялык катары колдонуларын дагы текшерип алсаңыз болот.  

Материал менен бөлүшүү