Эсептегичтерди текшерүү
Материал менен бөлүшүү

Урматтуу абоненттер!

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК маалымдайт: Кыргыз Республикасынын “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамына жана паспорт маалыматтарына ылайык ысык суу өлчөгүчтү текшерүү мөөнөтүнүн аралыгы 4 жылга барабар.

Ысык сууну эсепке алуу (суу өлчөгүч) приборун текшерүүнү ысык суу өчүрүлгөн мезгилде өткөрүү зарыл. Панфилов көчөсү 197 дареги боюнча Мамстандартта.

Эсепке алуу приборунан пломбаны алуу жана кийинки пломбалоо үчүн “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын кызматкерин 56-50-24 телефон номуру боюнча чакыруу керек.

Ысык суу өлчөгүч прибору керектөөчүнүн эсебинен орнотулган учурда, компенсация алуу үчүн “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коомуна төмөнкү керектүү документтерди көрсөтүү зарыл:

  1. Суу өлчөгүчтүн наркын кайтарып алууга арыз
  2. Суу өлчөгүчтүн паспортунун көчүрмөсү
  3. Үй ээсинин паспортунун көчүрмөсү
  4. Суу өлчөгүчтү сатып алууга эсеп-фактуранын көчүрмөсү
  5. Эсепке алуу приборун эксплуатциялоого кабыл алууга алгачкы же кайталанган акт

Эсепке алуу приборун текшерүүдөн өткөрүүнүн эки варинаты бар.

Биринчи вариант, эсептегич квартира же үй жашоочуларынын жеке демилгеси боюнча орнотулган. Эсептегич алардын жеке менчиги. Мындай учурда, прибордун жарактуулугун тешерүү жөнүндө өздөрү кам көрүшөт. “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын өкүлү прибордун көрсөтүүсүн жана пломбаны алып, тийиштүү акты түзгөндөн кийин абонент эсепке алуу приборун Мамстандартка алып барат. Текшерүү жана приборду орнотуу жүргүзүлгөндөн кийин эсептегичти пломбалоо жана аткарылган иштердин актысын түзүү үчүн “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын адистерин чакырат.

Экинчи вариант, эгерде прибор “Бишкекжылуулуктармагы” ААКын балансында катталган болсо, абонент ага текшерилген, эскплуатциялоого даяр приборду орнотуп берилерин күтөт.

Эсепке алуу прибордун жарактуулугун тастыктоо максатында текшерүү атайын жабдууда Мамстандарт адистери тарабынан жүргүзүлөт. 

Материал менен бөлүшүү