Көңүл буруңуз! Убакыттуу жылуулук жана ысык суу берүү өчүрүлөт
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2025-ж. 19-февраль

Күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында, 2025-жылдын 19-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин эскирген түтүктөрдү пландуу алмаштырууга байланыштуу жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул иштер Абдрахманов көчөсү 97 жана Түгөлбай Ата көчөсү 39 даректериндеги көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндө жүргүзүлөт.

Жылуулук жана ысык суу берүү төмөнкү даректерде убактылуу токтотулат:

* Абдрахманов көч., 97, 99, 101;
* Үсөнбаев көч., 24;
* Бөкөнбаев көч., 76, 78;
* Түгөлбай Ата көч., 39.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобой уланат.Бул жылуулук тармагы 1986-жылы пайдаланууга берилген жана нормативдик мөөнөтү аяктаган.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.

Материал менен бөлүшүү