Күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында, 2025-жылдын 7-февралында саат 08:30дан 18:00гө чейин 11-кичирайондо жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт.
Мындай чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө.
Өчүрүлүүчү даректер:
11-кичирайон, турак үйлөр № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 15, 16, 17, 17а, 17/1, 18, 19, 20, 22, 23, 24, 25, 26, 27, ДС94, сүрөтчүлөрдүн жеке үйлөрү, түрк мектеби.
Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобой уланат.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.