“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынын жарандардын арыздарына байланыштуу түшүндүрмөсү: «Эмне үчүн Бөкөнбаев менен Москва көчөлөрүнүн ортосундагы Гоголь көчөсү жарым-жартылай эмес, толугу менен тосулду?»
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 10-июль

Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жылуулук жана ысык суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы 2024-жылдын 8-майында башталган Гоголь көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоону улантууда.

Темир жол линиясынан баштап Москва көчөсүнө чейинки тилкеде иштер жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө Гоголь көчөсүн бойлой жол толугу менен тосулган.

Жылуулук тармагынын түтүктөрүн реконструкциялоо – бул татаал технологиялык процесс.
Жарым-жартылай жабылса,оңдоо иштерини узактыгы көбөйтүп кетет жана асфальт жердин астына түшүп кетиши мүмкүн.

Мындан тышкары, атайын жабдууларга, көтөрүүчү крандарга, демонтаждалган материалдарды алып чыгууга жана орнотуу үчүн түтүктөрдү алып келүү үчүн орун керек.

Курулуш иштерине шарт, тар болгондуктан жолду толук жабууга туура келди. Түтүктөрдү алмаштыруу иштери азыр башталбаса, кышында түтүктөр жаралышы мүмкүн. Бул түтүктөр өзүнүн стандарттуу кызмат мөөнөтүн аткарып бүтүп, 45 жылдан бери иштеп келген.

Эске сала кетсек, реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө диаметри 400 мм, узундугу 420 метр болгон түтүктөр алмаштырылат.

Жаңыланган жылуулук тармагы жылуулук менен камсыздоону эффективдүү камсыз кылып, бүтүндөй системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
Белгилей кетсек, реконструкциялоо ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы айдочууларды алдын ала маршрутун пландап, убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Материал менен бөлүшүү