«Бишкекжылуулуктармагы» уюлдук колдонмосу ишке киргизилди.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 19-июнь

«Бишкекжылуулуктармагы» өзүнүн абоненттери үчүн уюлдук колдонмону ишке киргизди. Play Market жана App Store аркылуу бекер жүктөп алып, абоненттер колдонмонун жардамы менен электрондук төлөм үчүн эсеп-дүмүрчөк ала алышат, төлөмдөрдү жүргүзүп, прибордун көрсөтмөлөрүн бере алышат, көрсөтмөлөрдүн таржымалын текшерип, карыздар жөнүндө билдирме ала алышат, ошондой эле маанилүү жаңылыктар жана оңдоо иш-чаралары тууралуу маалыматтарды алууга болот.
«Бишкекжылуулуктармагы» уюлдук колдонмосу биздин мекеме менен абоненттердин ортосундагы иш-аракеттерди кыйла жөнөкөйлөтүп, аларга кыргыз жана орус тилдеринде жылуулук жана ысык сууну керектөө тууралуу маалымат алмашуунун ыңгайлуу жана ишенимдүү ыкмасын камсыздайт.
Бул долбоордун негизги максаттарынын бири – санариптештирүү жана кагаз дүмүрчөктөрдү колдонууну азайтуу. «Бишкекжылуулуктармагы» экологиялык жоопкерчиликти сактоого, компаниянын акчасын үнөмдөөгө жана төлөмдөрдү төлөө процессин ыңгайлуу кылуу үчүн заманбап технологияларды жигердүү киргизүүгө умтулат. Келечекте биз абоненттердин муктаждыктарына жараша тиркеменин функционалдуулугун кеңейтебиз.
«Бишкекжылуулуктармагы» уюлдук колдонмосуна кошулуп, убакытты үнөмдөйлү!
https://play.google.com/store/apps/details?id=com.teplosetikg.app шилтемеси аркылуу колдонмону бекер жүктөп алыңыздар.

Материал менен бөлүшүү