Эскертүү! Жылуулук менен камсыз кылуучу түтүктөргө суу толтурулуп, сыноо иштери жүргүзүлөт
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 17-май

«Электр станциялары» ААК филиалы – «Бишкекжылуулуктармагы» 2024-жылдын 20-майынан тарта жылытуу тармактарын суу менен толтуруу башталат.
2024-жылдын 23-майынан баштап 29-майына чейинки мезгилде тыгыздык сыноолор жүргүзүлөт.

Регламентик сыноолорду өткөрүү жылуулук берүү мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн зарыл, сыноолорду жүргүзүү учурунда түтүктөр жарылып, жолдордун катмарынын бузулушу жана жылуулук тармактарынын аймагында жайгашкан аймактарды суу каптап кетиши мүмкүн.

Ушул себептен, жарандарды жана транспорт каражаттарынын айдоочуларын жолдордо этият болууга чакырабыз жана жолдордогу жыртыктар жана бузулуулар байкалган учурда дароо «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын Диспетчердик кызматына - 56-85-58 телефону же болбосо, Керектөөчүлөрдү Колдоо Борборуна - 61-11-69, 1980 (Кыргызтелекомдон), 0557 611-166, 0777 611-166, 0-701-611-166 телефондор аркылуу кайрылууну сунуштайбыз!

Материал менен бөлүшүү