Оңдоо иштерине байланыштуу Жукеев Пудовкин көчөсү толук жабылат
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 09-май

Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, жылуулук жана ысык суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында «Электр станциялар» ААКтын филиалы – «Бишкекжылуулуктармагы» 2024-жылдын 10-майынан тартып Медеров жана Кулатов көчөлөрүнүн ортосундагы Жукеев Пудовкин көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармакты реконструкциялоону баштайт. Оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн бул аралыктагы жол толук жабылат.

Медеров жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Карасаев менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылы чектөөсүз жүргүзүлөт.

Реконструкциялоодо 700 мм диаметриндеги эскирген түтүктөр жаңы 900 мм диаметрдеги түтүктөргө алмаштырылат. Жалпы узундугу 845 метр.

Эскерте кетсек жылуулук тармагынын бул бөлүгү 1985-жылы колдонууга берилип, 39 жылдан бери иштеп келген.

Жаңыланган тармактар жылуулук менен эффективдүү камсыз кылып, бүтүндөй системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

“Бишкекжылуулуктармагы” жолдогу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, жол каттамын алдын-ала пландаштырууну суранат.

Материал менен бөлүшүү