2024-жылдын 22-апрелинде жылуулук тармактардын тыгыздыгына сыноолор жүргүзүлөрүн “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы билдирет
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 19-апрель

«Бишкекжылуулуктармагы»- “Электр станциялар” ААКтын филиалы 2024-жылдын 22-апрелинде жылуулук түйүндөрүнүн тыгыздыгы (басымды сыноо) боюнча пландуу гидравликалык сыноолор жүргүзүлөрүн билдирди: шаардын борбордук жагынан түндүктү карай Л.Толстой көчөсү боюнча ЖЭБден баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин (Мадина базары), темир жолду бойлой ЖЭБден Ибраимов көчөсүнө чейин, Шабдан баатыр проспектиси боюнча Достев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүн чейин, Чүй проспектиси боюнча 7-Апрель көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин, Ибраимов көчөсү боюнча Чүй проспектисинен темир жолго чейин,; шаардын түштүк жагында (Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча темир жолунан Кулатов көчөсүнө чейин.

Регламентик сыноолорду өткөрүү жылуулук берүү мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн зарыл, сыноолорду жүргүзүү учурунда түтүктөр жарылып, жолдордун катмарынын бузулушу жана жылуулук тармактарынын аймагында жайгашкан аймактарды суу каптап кетиши мүмкүн.

Ушул себептен, жарандарды жана транспорт каражаттарынын айдоочуларын жолдордо этият болууга чакырабыз жана жолдордогу жыртыктар жана бузулуулар байкалган учурда дароо «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын Диспетчердик кызматына - 56-85-58 телефону же болбосо, Керектөөчүлөрдү Колдоо Борборуна - 61-11-69, 1980 (Кыргызтелекомдон), 0557 611-166, 0777 611-166, 0-701-611-166 телефондор аркылуу кайрылууну сунуштайбыз!

 

Материал менен бөлүшүү