“Бишкекжылуулуктармагы” масштабдуу оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарында 2024-жылдын 22-апрелинен 1-июнуна чейин ысык суу өчүрүлөрүн жарыялайт
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 19-апрель

«Бишкекжылуулуктармагы» - «Электр станциялары» ААК филиалы 2024-жылдын 22-апрелинен 1-июнуна чейин Бишкек шаарында ысык суу менен камсыз кылуу пландуу өчүрүлөрүн билдирет. 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында жылуулук жабдууларынын, жылуулук тармактарынын жана жылуулук менен камсыздоо системаларын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча жыл сайын жүргүзүлүүчү профилактикалык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу зарыл чара.
Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 105-р буйругуна ылайык, кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБинин жылуулук жабдуулары, отканалары жана жылуулук тармактары убактылуу иштен чыгарылат.

Материал менен бөлүшүү