️Энергетика министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 27-январь

Бүгүн, 2024-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде министр Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында коллегия болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Улугбек Нургазиев жана энергетика министринин орун басарлары, министрликке караштуу мекемелердин, энергетикалык компаниялардын, алардын филиалдарынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө 2023-жылы аткарылган иштердин жыйынтыктары жана 2024-жылга карата иш пландар тууралуу баяндамалар угулуп, талкууланды.
Энергетика тармагында 2023-жылы бир катар ийгиликтүү иштер аткарылды. Алардын катарында:
”Бишкекжылуулуктармагы” филиалынын аткарган иштери:
- Жылуулук тармактарынын участокторун 3666 м оңдолду
- 477 даана бекиткич арматуралар алмаштырылды:
-бузулган жылуулук изоляциясын 1578 м2 оңдоодон өткөрдү:
-магистралдык жана бөлүштүрүүчү жылуулук тармактарынын 787 м аралыгын авариялык-калыбына келтирүүчү ремонту жүргүзүлдү :
-Турак үйлөрдөгү 30 346 п.м жылытуу жана ысык суу түтүктөрү алмаштырылды:
-өчүрүүчү-жөнгө салуучу арматура 8464 даана менен алмаштырылды;
-Бишкек ш. Каралаев жана Абдымомунов көчөлөрүндө 526 м узундуктагы жаңы түтүктөр курулду.
-“Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун негизинде Бишкек ш. ЖЭБнен баштап Л. Толстой көчөсүнө чейин 330 м жана 7-апрель көчөсүн бойлой 836 м диаметри 700 мм 900 мм болгон түтүктөр алмаштырылды.

 

 

 

 

 

Материал менен бөлүшүү