Таалайбек Ибраев: Бишкек шаарындагы К.Көлбаев көчөсүндөгү үйлөргө кечке чейин жылуулук берилиши керек
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 15-январь

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 14-январында Бишкек шаарындагы К.Көлбаев көчөсүндөгү түтүк жарылып, керектөөчүлөр убактылуу башка схемага которулган. Мында жылуулук параметрлери төмөндөтүлгөн. 2024-жылдын 15-январында саат 7.00дөн баштап жарылган түтүктү оңдоо иштери башталды.

Министр оңдоо иштерин жеке көзөмөлүнө алып, авариялык абалды тез арада кабылына келтирип, жергиликтүү тургундарга жылуулук берилиши керек экенин тийиштүү кызматкерлерге тапшырды. “Эшикте күн сууктай баштады, абанын температурасы төмөнгө тушүүдө. Бүгүн кечке чейин К.Көлбаев көчөсүндөгү үйлөргө жылуулук берилиш керек. Мен өзүм көзөмөлгө алам, ыкчам иштегиле,”-деди Т.Ибраев.

Ошондой эле, учурдагы жагдайды тез арада чечүүдө “Бишкекжылуулуктармагынын” жетекчилигинин жана кызматкерлеринин ыкчам жана натыйжалуу башкаруусуна ишенерин билдирди.
Маалыматка ылайык, бул аймактагы эски түтүктөр 2009-жылдан бери (15 жыл) иштеп келет.

Материал менен бөлүшүү