”Бишкекжылуулуктармагы” ишканада “Кыргыз элинин окутулбаган тарыхы” аталышындагы лекциясы болуп өттү
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 29-февраль

2024-жылдын 27-февралында “Бишкекжылуулуктармагы” – “Электр станциялар” ААКтын филиалынын жыйындар залында Эл аралык Эне тил күнүн белгилөө алкагында конок-лекция уюштурулуп, бул иш-чарага кыргыз таануучу, тарыхчы, коомдук ишмер, “Бакдөөлөт” фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев “Кыргыз элинин окутулбаган тарыхы” аталышындагы лекциясы болуп өттү.

«Дүйнөдө отурукташкан жана көчмөн деген эки маданият бар, биз ким экенибизди билип, ошого жараша иш кылышыбыз керек. Айланабыздагы адамдарды, башка улуттарды жана ушул чөйрөдө өзүбүздү сыйлоо үчүн өзүбүздүн өзгөчө каада-салттарыбызды, үрп-адаттарыбызды, маданиятыбызды, баалуулуктарыбызды билишибиз керек...” – дейт Мелис Мураталиев.

Бул кызыктуу конок-лекцияга ишкананын кызматкерлери жана жумушчулары катышып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхтагы урунттуу учурлары, өзгөчө байыркы мезгилден бери келе жаткан мамлекетибиздин тарыхы, салты, наркы боюнча кенен маалымат алышты.

 

 

Материал менен бөлүшүү