«Бишкекжылуулуктармагы» – «Электр станциялар» ААКтын филиалы жылытуу мезгилин ийгиликтүү аяктады
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 25-март

Бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 25-мартындагы No 77-р буйругуна ылайык, «Бишкекжылуулуктармагы» – «Электр станциялар» ААКтын филиалы борбордук жылуулукту өчүрө баштады. 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгили ийгиликтүү аяктады.

 Бүткүл 147 күнгө созулган жылытуу мезгилинде Бишкекжылуулуктармагынын 900дөн ашык кызматкерлери сиздердин үйлөрүңүздөгү жылуулукту камсыздап жатты.
«Бишкекжылуулуктармагы» – «Электр станциялар» ААКтын филиалы ишканасы оңдоо иштерин ишке киргизип, 2024-2025-жылдарга карата келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштайт.

Эскерте кетсек, “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасында 480 чакырымга жакын магистралдык жана бөлүштүрүүчү тармактарды, ошондой эле 140 миңден ашык абонентти тейлейт.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыз болот: 1980, (0312) 61-11-69, (0557) 611166, (0777) 611166, (0701) 611166

Материал менен бөлүшүү