“Бишкекжылуулуктармагы” ААК акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2022-ж. 25-июль

   Бүгүн, 2022-жылдын 26-июлунда энергетика секторундагы реформалардын алкагында, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКта акционерлерин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү.

  Чогулуштун жүрүшүндө төмөнкү суроолор каралды:

  1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө;

  2. Коомдун 5 150 738  даана сатылган акцияларын жою жолу менен колдон-колго өткөн акциялардын азайышы жөнүндө

  3.Коомдун уставдык капиталынын өлчөмүнүн азайышы жөнүндө

  4. “Бишкекжылуулуктармагы” ААК менен “Электр станциялар” ААКтын ортосундагы өткөрүп берүү актыларын бекитүү жөнүндө.

  5. “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын  Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө;

  6. “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө;

Материал менен бөлүшүү