Кыргыз Республикасынын Эгемендүү күнү менен куттуктайбыз!
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2022-ж. 29-август

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бишкекжылуулуктармагы» -«Электр станциялар» ААКтын филиалынын жалпы жамааты өлкөбүздүн  негизги улуттук майрамы - Кыргыз Республикасынын Эгемендүү күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Ушул күндөн тартып мамлекетибиз  көз карандысыз, эгемендүү өлкө катары тарыхын уланткан. Эгемендүүлүк — бул эркин мамлекетте жашап жаткан эркин адамдардын — ар бирибиздин ички сезимибиздеги салтанат. Эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары — көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө – ар бирибиздин ыйык милдетибиз!

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Материал менен бөлүшүү