Бишкекжылуулуктармагы» -«Электр станциялар» ААКтын филиалында энергетикалык сектордогу реструктуризациялоонун жыйынтыктары боюнча жумушчу жыйын болуп өттү.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2022-ж. 07-сентябрь

Бишкекжылуулуктармагы» -«Электр станциялар» ААКтын филиалында түзүмдөрдүн жетекчилери жана кесиптик бирлик активдеринин катышуусунда энергетикалык сектордогу реструктуризациялардын жыйынтыктары боюнча боюнча жумушчу жыйын өткөрүлдү.Жыйындын жүрүшүндө,  “Электр станциялар” ААК ишканасынын карамагына филиал катары кошулгандан кийинки кызматкерлердин социалдык кепилдиктери, ошондой эмгек акынын шарттары боюнча талкуулар жүргүзүлдү.

Персонал менен иштиктүү сүйлөшүүлөр болду. Филиалдын жетекчиси тарабынан энергетикалык тармактардагы кайрадан уюштуруулардын максаттары жана “Электр станциялар” ААК ишканасынын карамагына филиал катары кошулгандан кийинки иштер боюнча толук маалымат берилди. Ушуну менен бирге, алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар боюнча иштер талкууга алынды.   

Материал менен бөлүшүү