Калаабыздын борбордук көчөлөрүнүн айрым участкаларындагы жылуулук тармактарды оңдоо жол бөлүгүн тоспостон аткарылат
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2021-ж. 01-август

2021-2022-жж. күз-кыш мезгилине даярдануу алкагында,  Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан жылуулук тармактарга оңдоо иштерин жүргүзүү жолду тоспостон аткарылып жатат.

Тоголок Молдо көчөсү боюнча Фрунзе көчөсү менен Абдымомунов көчөсүнүн аралыгында жана Чүй проспектиси боюнча Суюмбаев менен Гоголь көчөсүнүн ортосунда оңдоо иштери жүрүп жатат. 

Ростов жана Завод көчөлөрүнүн аралыгындагы Жумабек көчөсү унаалар үчүн жабык экендигин эскертебиз.

Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан бардык участкалар Бишкек шаарынын ККБнын ордери боюнча аткарылууда.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Материал менен бөлүшүү