“Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын жамааты ишенбиликке чыгышты
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2021-ж. 06-август

Бүгүн, 2021-жылдын 7-августунда шаардык ишенбиликтин алкагында “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын жалпы кызматкерлери бардык түзүмдөрдүн аймактарын жана тиешелүү участкаларды тазалоого чыгышты.  

Ошондой эле, мекеменин кызматкерлери атайын техникаларды тартуу менен Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча Кулатов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки ишканага бекитилген участокто санитардык тазалоону жүргүзүштү. 

Мындан тышкары,  “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын жамааты тарабынан 12-кичирайондо Каралаев көчөсүн бойлой отургузулган көчөттөрдү суугаруу аткарылды. 

Иш-чаранын жүрүшүндө, мекеменин кызматкерлери 1 тоннадан ашык тиричилик таштандыларды жана кургак чөп-чарларды чогултушуп, тийиштүү аймакты тазалашты. Таштандыларды алып чыгуу жана көчөттөрдү суугаруу максатыда 2 даана атайы техникалары колдонулду.  

 

Материал менен бөлүшүү