“Бишкекжылуулуктармагы” ААКта жамааттык келишимдин 2020-жылында аткарылган иш-чаралары боюнча конференция өткөрүлдү.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2021-ж. 28-март

“Бишкекжылуулуктармагы” ААКта 2021-жылдын 26-мартында 2021-2024-жылдарга карата жамааттык келишимге өзгөртүүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карап чыгуу боюнча кызматкерлердин конференциясы өткөрүлдү, ошондой эле 2020-жыл үчүн отчет берилди. 

Конференцияга Кесиптик уюмдун республикалык комитетинин өкүлү Л.Т.Итикеев мырза катышты.

Конференцияда:

- Колдонуудагы жамааттык келишимдин 2020-жыл үчүн иш-чараларын аткаруу боюнча генералдык директор Э.Э.Абдыкалыковдун отчеттук баяндамасы;

 - Колдонуудагы жамааттык келишимдин иш-чараларын аткаруу боюнча кесиптик бирлик комитетинин төрайымы А.Э.Бостериеванын отчеттук баяндамасы каралды.

Жамааттык келишимдин аткарылышын текшерүү боюнча комиссиянын актысы дагы угулду.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча, жамааттык келишимдин 2020-жыл үчүн иш-чаралары аткарылды деп кабыл алынды жана 2021-2024-жылдарга карата жамааттык келишимдин өзгөртүүлөрү жана толуктоолору боюнча комиссиянын акты кабыл алынып, бекитилди. 

Материал менен бөлүшүү