Акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2021-ж. 30-март

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2021-жылдын 27-апрелинде саат 14:00дө акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өтө тургандыгын маалымдайт.

Дареги: Бишкек ш., Жукеев-Пудовкин көчөсү 2/1

Өткөрүү формасы– ачык.

Күн тартиби:

1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө;

2.  2020-жыл үчүн Коомдун финансылык-чарбачылык ишмердиги тууралуу Генералдык дирекциянын отчету жөнүндө;

3. 2020-жыл үчүн Коомдун көз карандысыз аудиторунун корутундусу жөнүндө;

4. 2020-жыл үчүн Коомдун текшерүү комиссиясынын корутундусу жөнүндө;

5. 2020-жыл үчүн Коомдун бюджетинин аткарылышы тууралуу Генералдык дирекциянын отчету жөнүндө;

6. 2020-жыл үчүн Коомдун жылдык балансы, киреше жана чыгаша эсептери жөнүндө;

7. 2020-жыл үчүн Директорлор кеңешинин иштери тууралуу отчет жөнүндө;

8. 2020-жылга карата Коомдун жылдык бюджети жөнүндө;

9.  1 242 000,88 сом суммасына сатып алынган 3 270 276 даана акцияларды жокко чыгаруу жолу менен аталган акциялардын азайышы жөнүндө;

10. Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

11.Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө;

12. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө;

13. Коомдун Текшерүү комиссиясынын кызмат акы чыгымдарынын 2021-жылга карата сметасы жөнүндө

 

Акционерлерди каттоо убагы – саат  13-00дөн 14-00гө чейин.

Акционерлердин тизмегин түзүү күнү30март, 2021-жыл.

Чогулуштун материалдары менен Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү 2/1 дареги боюнча акционердик коомунан жана Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 119 дареги боюнча Коомдун корпоративдик катчысынан алып, тааныша аласыздар. Маалыматтар үчүн телефондор: 0(312) 988822, кош.4445

Материал менен бөлүшүү