21-апрелден 24-апрелге чейин Бишкек шаары боюнча жеке секторлордо ысык суу өчүрүлөт.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2021-ж. 18-апрель

Жылуулук тармактарды сыноодон өткөрүүгө байланыштуу, тармактарды капиталдык оңдоо иштерине даярдоо алкагында Бишкек шаарынын жеке секторлорунда ысык суу берүү 2021-жылдын 21-апрелинен 24-апрелине чейин токтотулаарын “Бишкекжылуулуктармагы” ААК  маалымдайт.

Көп батирлүү турак үйлөрдө ысык суу өчүрүлбөйт, жеке секторлордо гана өчүрүлөт. “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коому ыңгайсыздыктар үчүн абоненттерден кечирим сурайт.

Материал менен бөлүшүү