“Бишкекжылуулуктармагы” ААКта Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнүнө арналган салтанаттуу жыйналыш болуп өттү.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 21-декабрь

2020-жылдын 22-декабрында “Бишкекжылуулуктармагы” ААКта Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнүнө карата салтанаттуу жыйналыш өткөрүлдү.

Ишкананын генералдык директору Эркин Абдыкалыков жыл ичинде өз иштерин мыкты алып барган эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирип, кесиптик  майрам менен куттуктап, кызматкерлерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана иштерине ийгиликтерди каалады. 

Ушуну менен бирге, ишкананын жетекчиси үзүрлүү эмгектери, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөрү үчүн, талап кылынган милдеттерди ак ниет менен так аткаргандары үчүн жана ишкананын өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн бир катар кызматкерлерди ардак грамоталар менен сыйлады.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович чогулушка катышып, кесиптик майрам менен куттуктап, кызматкерлерге ардак грамоталарды тапшырды.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын Директорлор кеңешинин төрайымы Есенбаева Бакыт Усенбековна өзүнүн куттуктоосунда компаниянын ар бир кызматкеринин үзүрлүү эмгектерин белгилеп, ийгиликтерди каалоо менен сөзүн аяктады.  

Жыйналыштын жүрүшүндө, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын кызматкерлери Улуттук энергохолдингдин ардак грамоталары менен да сыйланышты.

 

Материал менен бөлүшүү