“Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын жамааты Сиздерди Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү - кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 21-декабрь

Кымбаттуу энергетика тармагынын ардагерлери! Урматтуу энергетиктер!

Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү  - кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Энергетика тармагы мамлекетибиздин өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен эң негизги эконималык булактардын бири.

Өз ишин мыкты билген, ар бир тармактын адистери аткарган күнүмдүк жумуштарды өз убагында алган жылуулуктан жана жарыктан сезе биле алабыз. Энергетиктер өлкөбүздүн калкына жагымдуу, жайлуу жашоо тартуулоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап келишет.

Энергетика тармагын өнүктүрүүдө зор салым кошуп келген ардагерлерибизге өзгөчө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Сиздердин кесипкөйлүгүңөрдүн артынан республикабыздын энергетикага болгон көз карандысыздыгына негиз түптөлдү десек жаңылбайбыз.   

Кыргызстандын энергетикасынын бир нече муундары 86 жыл бою тармактарды өркүндөтүп, өнүктүрүү жаатында  үзүрлүү эмгектенип келишет. 

Урматтуу энергетиктер, тармактын ардагерлери! Дагы бир ирет кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана ийгиликтерди каалайбыз.  

Урматтоо менен,

“Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын жамааты

Материал менен бөлүшүү