2019 - 2020-жылдардын декабрь айындагы жылуулуктун баасынын өзгөрүшүнө салыштырмалуу талдоо
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2021-ж. 13-январь

Абоненттерди жылуулук энергиясы менен камсыздоонун типтүү келишиминин шарттары боюнча “Бишкекжылуулуктармагы” ААК жылытууга сарпталган жылуулуктун чыгымын эсептөөнү КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу болуу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген “Имараттардын жылуулук энергиясын керектөөсүн эсептөө боюнча усулдугуна” ылайык жүргүзөт.

Пайдаланылган жылуулук энергиясынын көлөмү  КР ӨКМнын гидрометрология агенттигинин маалыматтары боюнча сырткы абанын  факты боюнча орточо күнүмдүк температурасынын негизинде аныкталат. Ушунун негизинде, сырткы абанын факты боюнча орточо айлык температурасына кайтадан эсептөө коэффициенти киргизилип, төмөндөгү формула боюнча эсептелет:

К1=(Тичк.норм.-Торт.айл.факт.)/(Тичк.чен.-Торт.айл.чен.);

         2019-жылдын декабрь айындагы сырткы абанын ченемдик орточо айлык температурасы -1,1°С болгон. 2019-жылдын декабрь айындагы сырткы абанын факты боюнча орточо айлык температурасы +1,0°С барабар болгон. Ушул себептен, жылуулук үчүн эсептөөлөр келишимдик чоңдуктан 89,01%ды түзгөн. 2020-жылдын декабрь айындагы сырткы абанын факты боюнча орточо айлык температурасы -5,6°Сга барабар болду. Андыктан, быйыл  жылуулук үчүн эсептөөлөр келишимдик чоңдуктан  123,56%ды түздү.

Турмуш-тиричилик багытында пайдаланган керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясынын тарифи  - 1134,76 сом.

Материал менен бөлүшүү