Транспорт каражаттарын сатуу боюнча жабык тооруктардын конкурстук билдирмелерин ачуунун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү аныктоо
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 22-ноябрь

“Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде (Директорлор кеңешинин жыйынынын 25.09.2020-ж. №2  протоколу) негизги каражаттарды (транспорт каражаттары) сатуу жана эсептен чыгаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Белгиленген иш-чара “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын генералдык дирекциясынын 09.09.2020-ж. протоколу менен бекитилген Негизги каражаттарды (транспорт каражаттары) сатуу боюнча убактылуу нускамага ылайык жүргүзүлгөн.   

Жогоруда айтылган чечимди аткаруу максатында, 2020-жылдын 2-ноябрында ишкананын кесиптик бирлик комитети  аркылуу мекеменин кызматкерлерине транспорт каражаттарын сатуу боюнча жабык тооруктарды ишкананын ичинде өткөрүү тууралуу маалымат жарыяланган.   

17.11.2020-ж. саат 15:00дө комиссия тарабынан катталган 14 конкурстук билдирмелерди ачуу жол-жоболору жүргүзүлдү (17.11.2020-ж. жабык тооруктардын конкурстук билдирмелерин ачуу  протоколу).

Материал менен бөлүшүү