«Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКтын төрагасы Нурбек Козубеков “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коомуна келип кетти.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган:
2020-ж. 12-ноябрь
Бүгүн, 12-ноябрь күнү энергетика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо алкагында Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубеков “Бишкекжылуулуктармагы” ААКга келип кетти.
Жолугуунун жүрүшүндө, Улуттук энергохолдингдин башчысы ишкананын финансы-чарбачылык ишмердиги жана кийинки пландары менен таанышты.
Ушу менен бирге, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын генералдык директору Эркин Абдыкалыков башчыга күз-кыш мезгилин өткөрүүгө даярдыгы тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле, Нурбек Козубеков “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын №1 насостук станциясына барып, диспетчердик кызматтын иштери менен таанышып чыкты.
Материал менен бөлүшүү