2020-жылдын 19-ноябрында «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу боюнча коомдук кеңеш берүүлөр саат 9.00дө башталып, 24 саат бою өткөрүлөт.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 04-ноябрь

Бул долбоор Дүйнөлүк банктын насыя каражаттарынын эсебинен  каржыланат.

“БЖТ” ААК ишке ашыруучу бул долбоордун максаты - Бишкек шаарынын чыгыш тарабындагы “Чыгыш” магистралдык өткөргүч түтүгүн реконструкциялоо. 

Дүйнөлүк банктын коргоо чараларына ылайык,  “Восток” түтүгүнүн (1, 3 жана 4 коё берилүүчү комплекстери) ар бир реконструкциялануучу бөлүгү үчүн экологиялык жана социалдык башкаруу планы (ЭСБП) иштелип чыккан. ЭСБП –бул долбоорду ишке ашырууда бардык тараптар колдонуучу милдеттүү документ. ЭСБП коомго жана айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүчү факторлорду  четтетүүчү ишкананын иштерин жана реконструкциялоо боюнча иштерди аткаруу учурунда жеңилдетүүчү, байкоо жүргүзүүчү жана институционалдык милдеттер боюнча чаралардын катарынан турат. ЭСБП долбоору http://teploseti.kg/content/articles_view/1389 дарегинде көрсөтүлгөн.

Суроолор, эскертүүлөр жана сунуштар kanybek.jumaliev@mail.ru  дарегине же  Whats App:  0 505 98 10 66 телефон номуру боюнча кабыл алынат.

COVID-19 пандемиясынын кесепетинен киргизилген чектөөлөргө байланыштуу, коомдук кеңеш берүүлөр аралыктан, онлайн форматында Whats App боюнча өткөрүлөт. Бардык катышуучуларды алдын-ала 0 505 98 10 66  телефон номуру аркылуу катталып (Аты-жөнү,  телефон, эл. почта)  коюңуздарды суранабыз. Whats App колдонмосуна же kanybek.jumaliev@mail.ru эл.дарегине кат жөнөтүп, катталсаңыздар болот.

Коргоо чаралары боюнча консультант - Каныбек Жумалиев

Күн тартибинде:

  1. Долбоор менен тааныштыруу. Экологиялык жана социалдык башкаруу планы (ЭСБП) менен тааныштыруу – “БЖТ” ААКтын персоналы;
  2. Электрондук дарек боюнча кабыл алынган суроолор, эскертүүлөр жана сунуштар жана аларга жооптор – “БЖТ” ААКтын персоналы;
  3. Кеңеш берүүлөрдү өткөрүү учурундагы суроолор, эскертүүлөр жана сунуштар. Мүмкүнчүлүккө жараша “БЖТ” ААКтын персоналы жооп кайтарышат,  эгерде  суроого дароо жооп берилбесе (мисалы, суроого жооп бериш үчүн техникалык негиздеме керек болсо), жооптор кеңеш берүүдөн кийин бир жума аралыгында берилет жана веб-сайтка киргизилет. 

– «БЖТ» ААКтын персоналы жыйынтыктап, корутунду чыгарат.

ЭСБП алгачкы варианттары менен http://teploseti.kg/content/articles_view/1389 сайтынан тааныша аласыздар. ЭСБПнын кагаз түрүндө “БЖТ” ААКтан алсаңыздар болот.   (Бишкек шаары, Жукеева-Пудовкин көчөсү 2/1). Мекеменин кеңсесинде документ менен таанышуу үчүн алдын-ала 0 312 568822; 0 312 56 11 01 телефон номурлары аркылуу байланышып, убактысын тактап алууну суранабыз.

Коомдук кеңеш берүүлөргө бардыгыңыздарды активдүү катышууга чакырабыз.

 «Бишкекжылуулуктармагы» ААК

Долбоорлорду ишке ашыруу борбору

 «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоору

Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү 2/1, тел.: 0 312 56 88 22; 0 312 56 11 01  

web site: www.teploseti.kg

e-mail adress: piu@teploseti.kg

Материал менен бөлүшүү