Бардыгыбыз башыбыздан кечип жаткан бул оор күндөрдө “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын үч кызматкери оорудан дүйнө салышты.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 13-июль

Калк башына түшкөн ушундай оор күндөрдө “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын Борбордук районунун ҮИС кызматынын айдоочусу Айдаров Асылбек Сарбекович 65 жашында, Кароол кызматынын кароолчусу Акматов Салмоорбек Бокоевич 58 жашында, Теңдем жана талдоо бөлүмүнүн инженери Ким Мая Владимировна 56 жашында каза болду.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК Асыпбек Сарбековичтин, Салмоорбек Бокоевичтин жана Мая Владимировнанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жакын адамынан айрылуу бул оор жоготуу жана оор күйүт тартуу. Өз иштерине чоң салым кошуп келген кызматкерлерибизден айрылуу биз үчүн да оор жоготуу. Алардын жаркын элеси ар дайым биз менен болот!

Орду толгус жоготууну жана кайгыны  тең бөлүшөбүз.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын жетекчилери жана жамааты.

Материал менен бөлүшүү