2020-жылдын 29-июнунан баштап ысык суу берилет
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 26-июнь

Бишкек шаарынын мэриясынын 26.05.2020-ж. “Профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБнин жабдууларын, от казандарды жана жылуулук тармактарды токтотуу жөнүндө” №85-р буйругуна ылайык, 2020-2021-ж. күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында “Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2020-жылдын 1-июнунан 1-июлуна чейин ысык суу берүүнү токтоткон. Жылуулук тармактарда оңдоо иштери  аткарылып, түтүктөрдүн бекемдигине басым менен гидравликалык сыноо жүргүзүлдү. Ишкананын персоналынын жигердүү аткарган жумуштарынын жыйынтыгында, “Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2020-жылдын 28-июнунан баштап магистралдык жана бөлүштүрүүчү түтүктөрдү суу менен толтурууга киришет.

2020-жылдын 29-июнунан баштап ысык суу бериле баштайт. Ысык суу менен камсыздоо системасына кошуу 3 күндүн аралыгында жүргүзүлөт. Биринчи кезекте, медициналык жайлар жана башка социалдык уюмдар кошулат.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК тармактан ысык суу бериле баштаганда суу бөлүштүргүчтө чоргону бекитип, ошондой эле муздак суунун куюлушун болтурбоо үчүн суу ысыткыч приборлорду өчүрүп, бекиткич арматураларды жабууну шаар тургундарынан суранат.    

Авариялык учурлар катталса жана суроолор пайда болсо төмөнкү телефон номурлары аркылуу байланышыңыздар:


Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980;


Диспетчердик кызмат: 56-85-58;


Борбордук райондун үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженери:            36-57-19, 30-07-67

Түштүк райондун үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженери:

51-06-22, 21-74-06.

Материал менен бөлүшүү