“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 24-июнда Бишкек шаарынын жылуулук тармактарынын бекемдигин, тыгыздыгын сыноодон өткөрөт.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 21-июнь

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 24-июндан 27-июнга чейин Бишкек шаарынын жылуулук тармактарынын тыгыздыгын текшерүү үчүн регламенттик  сыноолорду жүргүзөт. Регламенттик сыноолор жылуулук берүү мезгилин өткөрүүгө даярдануунун алкагында ар жыл сайын милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.

Сыноодон өткөрүүнүн максаты – жылуулук тармактардын начар участокторун аныктоо жана аларды четтетүү, жылуулук берүү мезгилин авариясыз өткөрүү.

Ошондой болсо да, түтүктөрдүн жарылуусу жана жол катмарынын чуңкурайып кирип кетиши да мүмкүн.  Мындай учурларда, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын Диспетчердик кызматына же Керектөөчүлөрдү колдоо борборуна 61-11-69, 56-85-58, 1980 телефон номурлары аркылуу кабарлап турууну суранабыз.

Материал менен бөлүшүү