“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 19-майдан баштап Ахунбаев көчөсү боюнча 7-Апрель көчөсүнөн батышка карай Улан кичи районунун киришине чейинки жылуулук тармактарды оңдоо иштерин баштайт
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 17-май

“Восток” магистралдык жылуулук тармагын калыбына келтирүү (реконструкцииялоо) иштерине байланыштуу, “Бишкекжылуулуктармагы” ААК 19-майдан баштап Ахунбаев көчөсү боюнча 7-Апрель көчөсүнөн батышка карай Улан кичи районунун киришине чейинки жылуулук тармактарды оңдоо иштерин баштайт. Оңдоо иштерин аткарууда  Ахунбаев көчөсү  жабылбайт. Курулуш иштери божомол менен 2020-жылдын 7-августуна чейин  жүргүзүлөт.   

Реконструкциялоонун негизги максаты - жылуулук менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жакшыртуу жана  Бишкек шаарынын жашоочуларынын жылуулук энергиясына күндөн-күнгө өсүп жаткан керектүүлүгүн канааттандыруу. Оңдоп-түзөтүү жумуштары жалданма уюм “Азиякурулушкомлпекс” ЖЧКсы тарабынан аткарылат.

Жолдо аткарылуучу оңдоо иштерине байланыштуу, авто унаа ээлери  жол тыгынына кабылбашы үчүн  “Бишкекжылуулуктармагы” ААК башка ыңгайлуу жолдорду караштырууну суранат.  

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Материал менен бөлүшүү