“Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын жамааты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктап, өзгөчө кырдаал учурунда муктаж болгон ардактуу эс алуудагы жана эмгектеги кызматкерлерине жардам көрсөттү
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 07-май

Бүгүн,  Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын генералдык директору Эркин Абдыкалыков майрам алдында, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйүнө барып, куттуктап келди.

Ишкананын жетекчиси администрациянын жана кесиптик бирлик комитеттин атынан материалдык жардам жана майрамдык азык-түлүк пакетин тапшырды.  Өз кезегинде, ардагерлер компаниянын жамаатына чоң ыраазычылыктарын билдирип, учурдагы кырдаалга кабатыр болуп аткандыгы менен бөлүшүп, сактыкта болууну суранышты.

Мындан тышкары, “Бишкекжылулуктармагы” ААКнын өкүлдөрү согуштун эмгек каармандарына жана энергетика тармагынын пенсионерлерине барып, жардам көрсөтүп келишти. Ошондой эле, борбор калаага киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу, оор турмуштук кырдаалга кабылган кызматкерлердин үй-бүлөөлөрүнө азык-түлүк пакет түрүндө көмөк көрсөтүлдү.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын генералдык дирекциясы COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдөгү катаал күндөрдө муктаж болгондорго жардам көрсөтүүдө активдүү катышкан кызматкерлерге чын дилинен ыраазычылыгын билдирди.   

Материал менен бөлүшүү