«Бишкекжылуулуктармагы» ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушун өткөрүүнү токтотуп туруу чечими
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 30-март

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2020-жылдын 24-мартындагы «Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» №55, «Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Ош шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» №56,  «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» №57 жарлыктарынын 5-пунктунун 5-пунктчасынын жана Мамфинкөзөмөлүнүн (24.03.2020-ж.чыг.№9-1/508) сунушунун негизинде, өзгөчө абалдын аякташына чейин «Эркин Тоо» редакциясы жана башка республикалык масштабдагы редакциялар ишин токтоткондугуна байланыштуу жана акционерлердин  жалпы чогулушун  өткөрүү, ага даярдануу иш-чараларын уюштурууга КР «Акционерлер коомдору жөнүндө» мыйзамынын ченемдерин аткаруу мүмкүндүү эместигине байланыштуу  2020-жылдын 30-мартында «Бишкекжылуулуктармагы» ААКнын Директорлор кеңеши 2020-жылдын 27-апрелинде саат 10.00гө белгиленген акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тууралуу 24.03.2020-ж. протоколдук чечимин (№33 протокол) жокко чыгарды (№34 протокол). Бул чечим  таажы вирус илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн алынышына жана Кыргызстандагы эпидемиялык абал жакшырганга чейин сакталат.

Белгилей кетсек, адамдардын массалык топтолушун алдын алуу максатында акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү мөөнөттөрү 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул чечим 2020-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген кризиске каршы пландын алкагында кабыл алынган.

Материал менен бөлүшүү