Март айында жылуулук үчүн төлөм адаттагыдан төмөн болот
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 01-апрель

Урматтуу абоненттер!

          «Бишкекжылуулуктармагы» ААК сырткы абанын факты боюнча температурасы ченемден жогору болгондугуна байланыштуу март айында жылуулук үчүн төлөмдүн эсеби келишимде көрсөтүлгөн өлчөмдөн төмөн болорун маалымдайт.

Жылуулук үчүн эсептер 1-марттан 18-мартка чейин жана 18-марттан 31-мартка чейин 25 күнгө жүргүзүлөт.

Ошондой эле, таажы вирус илдетин жайылтып жибербөө максатында,  1-апрелден 4-апрелге чейин күтүлүүчү суук аба ырайына байланыштуу сактыкта, үйдө болууну суранабыз.

«Бишкекжылуулуктармагы» ААК жылуулук жана ысык суу боюнча суроолор пайда болгон учурда жана ошондой эле приборлордун көрсөтүүлөрүн жиберүүдө 1980 же 61-11-69 телефон номуру боюнча кайрылып же www.teploseti.kg сайтындагы жеке кабинет аркылуу жиберүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин шаар тургундарына эскертет.

 Төлөмдөрдү электрондук капчыктар, интернет банкинг, терминалдар жана башка Сиздерге ылайыктуу ыкмалар аркылуу  жүргүзсөңүздөр болот.

Материал менен бөлүшүү