Бишкек шаарынын 90% абоненти борбордук жылуулук системасына кошулду.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 24-март

“Бишкекжылуулуктармагы" ААК Бишкек шаарынын аймагында короновирус илдетин жайылтып жибербөө максатында 24-марттан баштап кайра жылуулук бере баштады.

25-мартка карата борбордук жылуулук системасына 52 медициналык жай жана 1961 турак үй кошулду.

Баса белгилей кетсек,51 турак-жай ээлеринин шериктештиктери жылуулук менен камсыздоо системасына кошулуудан баш тартышты. Ошондой эле, карантинге байланыштуу окуу жайлар жана бюджеттик мекемелер жылуулук системасына кошулган жок.

Урматтуу абоненттер!

Эгерде жылуулук жана ысык суу боюнча суроолор жаралса 1980 же 61-11-69 телефон номурларына кайрылууну суранабыз, ошондой эле приборлордун көрсөтүүлөрүн www.teplosei.kg сайтындагы жеке кабинет аркылуу жиберүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин шаар тургундарына эскертебиз.

Материал менен бөлүшүү